САЯСАТ

Карамушкина өз каалоосу менен соттук-психиатриялык экспертизадан өтөт

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизадан өтөт. Бул тууралууэл өкүлү журналисттерге билдирди.

«Бүгүн мага жактоочум чалып, соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүм керектигин, бирок бул милдеттүү эместигин айтты. Бирок мен экспертизадан өтөм, ал жерде кандай иштешээрин көргүм келип жатат», — деди Карамушкина.

Эске салсак,  Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөөдө 16 адам шектүү катары жүрүп, алар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.

16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган.