КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү атышты

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү атышты. Бул тууралуу sputnik.kg сайты жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, окуя бүгүн кечинде Бишкектин Некрасов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча 3 киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда Бишкек ШИИББинин кызматкерлери окуя болгон жерде иштеп жатышат.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактардын айтымында «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагуловдун балдары менен дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда атышуу болгон.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы окуя боюнча кененирээк маалымат бериле турганын айтты.