КООМ

Окуучулар ачык эшиктер күнүнө катышышып, жөө жүрүшкө чыгышты

Бүгүн 9-декабрда Сузак РИИБи тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мектеп окуучуларына «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү. Ага окуучулар менен кошо мектеп мугалимдери да катышышты. Алар милициянын күнүмдүк иштөө тартиби менен таанышып чыгышты.

Мындан сырткары Сузак районунун Жерге-Тал жана Жалгыз-Жаңгак айылындагы мектептерде окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаштарды тамеки тартуудан, топтошуп мушташуудан, спирт ичимдиктеринен алыс болууга чакырышты.

Ал эми Ноокен РИИБи тарабынан жарыяланган зордук зомбулукка каршы 16 күн акциясынын алкагында Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 9-11-класстарынын окуучулары жөө жүрүшкө чыгышты. Алар колдоруна зомбулукка каршы плакаттарды көтөрүп район борборундагы көчөлөрдү кыдырышты.

Мына ушундай эле иш-чара Базар-Коргон РИИБи тарабынан да колго алынып, район аймагында жайгашкан №11, №12, №14, №31 мектептеринин окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу, ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.