КООМ

“Барыбыз бирге коррупцияга каршы” аттуу ЖОЖдор аралык студенттик квизиум-оюну болуп өттү

2019-жылдын 6-декабрында ИИМдин Академиясында 9-декабрь- Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө карата “Барыбыз бирге коррупцияга каршы” аттуу ЖОЖдор аралык студенттик квизиум-оюну болуп өттү.
Республикада коррупцияга каршы багытта биринчи жолу өтүп жаткан интеллектуалдык сынакта ИИМдин Академиясы, ИИМдин Республикалык окуу борбору, К. Карасаев атындагы БМУ, И. Ахунбаев атындагы КММА, Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Эл аралык университети жана И.Арабаев атындагы КМУ катышты.
Сынак беш этаптан туруп, командалардын коррупцияга каршы багытталган нормативдик актылар, тарыхый окуялар, адабияттар, музыка, кинотасмалар жана чет өлкөлөрдөгү тажарыйбалар боюнча билимин аныктоого багыттылды. Андан тышкары, социалдык тармактардагы эң мыкты комментарий деген сынак да камтылган.
Калыс катары “Кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын адалдоону жана коррупция маселесин изилдөө боюнча Борборазиялык Институттун директору Э.Мамбеталиева, “Адам. Укук. Эркиндик” коомдук фондунун директору Э.Арапова , Э.Алиев атындагы фонддун жетекчиси А.Бектемиров, КМЮА Бизнес-укук институтунун 4-курсунун студенти Б.Турсунбаева, Комерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча мугалимдер, Ассоциациясынын проекттик менеджери Э. Арапова чакырылган.
Жогорудагы иш-чара коррупциялык көрүнүштөргө каршы көз караштарды жаратуучу, студенттик бирдиктүү антикоррупциялык пропаганда болду десек жаңылбайбыз.
Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Kingman” командасы, 2-орунду Э. Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын “Калкан жана кылыч” командасы, 3-орунду И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы ээлеп, дипломдорго жана башка сыйлуу белектерге ээ болушту. Сынактын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.