САЯСАТ

Аида Касымалиева төраганын орун басары болгондон кийин жашоосунда эмне өзгөрдү?

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева «kereez.kg» сайтына маек курган. Ал журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, төраганын орун басары болгондон кийин жашоосунда кандай өзгөрүү болгонун айтып берген.

Анын айтымында, депутаттардын жашоосун өзгөчө бөлүп карабоо керек. Анткени алар эл тарабынан, элдин таламын талашып, өзүн шайлаган шайлоочуларына кызмат кылуу үчүн келет.

«Мен депутат болгонго чейин жана андан кийин деле эл арасында кандай жүргөн болсом, азыр деле ошол бойдон элемин. Мурункудай эле кээде маршруткага түшүп, кээде автобус менен жүрөм. Ал эми экинчи жагынан албетте Төраганын орун басары болгондон кийин дагы да жумуш көбөйүп калат экен. Эң негизгиси жоопкерчилик күчөйт», -дейт Касымалиева.

Касымалиева катардагы депутат кайсы бир аймак же округ менен эле чектелсе, төраганын орун басары болгондон кийин бүтүндөй өлкөнүн көйгөйлөрүн угууга жана чечүүгө аракет кылып калганын айткан.