КООМ

КУУ: Болочоктогу журналисттердин жатаканасынын шарты кандай? (Сүрөт)

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетинин студенттери жашаган жатакананын абалы, студенттердин жашоо-шарты менен факультеттин окутуучулар курамы таанышты.

Жатаканада факультеттин 39 студенти жашайт. Алардын көп бөлүгү №7 жатаканага жайгаштырылган. Союз учурунда курулган бул имарат капиталдык оңдоого муктаж. Бирок университет колунда бар мүмкүнчүлүк менен студенттердин абалына көңүл бурууда. Бөлмөлөрү жылуу, таза, тартип дайым көзөмөлдө экенин студенттер билдирди.

«Өткөн жылы жатакананын дааратканасы, жуунучу бөлмөлөрү ремонттолуп, электр каражаттары оңдолуп берилген. Жаңы эмеректер да коюлду»,- дейт жатаканынын комменданты. Окутуучулар жаштардын жылуу, таза бөлмөлөрдө жашап, окуп жатканына күбө болушту.