КООМ

Милиция кызматкерлеринин орточо айлык акысы 8-15 миң сом

Жогорку Кеңештин 5-декабрындагы жыйынында депутат Талант Мамытов министр Кашкар Жунушалиевден милиция кызматкерлеринин орточо айлык акысын сурады.

«Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлеринин орточо айлык акысы 8-15 миң сом. Жаңы жылдан кийин 40 пайызга көтөрүлөт», — деди Жунушалиев.

Талант Мамытов кызматкерлердин шарттары жакшыртылышы керектигин, үйү жок ар бир кызматкерге үй берүү зарылдыгын айтты.