САЯСАТ

Коопсуз шаардын камерасы менен 49 кылмыштын бети ачылды

Кылмышкерлерди кармоодо коопсуз шаардын камералары колдонулууда. Учурда 49 кылмыштын бети камеранын жардамы менен ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.
Депутат Курманкул Зулушев Гапар Айтиев атындагы музейдин мурдагы директорунун арызы тууралуу сурады.
“Гапар Айтиев атындагы музейдин мурдагы директору өмүрүмө коркунуч келтирилди деген арызынын негизинде Биринчи май РИИБи тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат”, — деди Жунушалиев.