САЯСАТ

«Улуу Журт» партиясы Нарынга штаб ачты

2019-жылдын 3-декабрында «Улуу Журт» саясий партиясы Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга партиянын руханий лидери, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, партиянын лидери Аргынбек Малабаев жана төраганын орун басары Мирлан Орозбаев катышты.

Жыйынга Нарын облусунун райондорунун жана Нарын шаарынын тургундары келишти. Жолугушуу суроо жооп форматында пикир алышуу менен өтүп, жергиликтүү тургундар өз көйгөйлөрүн айтышты. Нарын эли «Улуу Журт» партиясында жаштар көп экендигин баса белгилеп, шайлоодо бул партияны колдой тургандыгын айтышты.

Жыйындын соңунда Нарын облустук штабы ачылып, Мирлан Даанышман партиянын Нарын облусу боюнча куратору ошондой эле Айбек Турдумбаев Нарын шаарынын штаб башчысы болуп бекитилди.