КООМ

«Ноокен жаштары» Ак үйгө саякатташты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан келип, Бишкек шаарында окуп жаткан студенттерден түзүлгөн «Ноокен жаштары» коомдук бирикмесинин активдүү студенттерин «racurs.kg» сайтынын башкы редактору Ак үйгө экскурцияга алып барды.
Студенттерди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамовдун консультанты тосуп алды. Студенттер Ак үйдүн китепканасын, файесин мечитин көрүп чыгышты.

Студенттер Ак үйдүн ичине биринчи жолу кирип жатышкандыгын айтышып, мындан кийин да кирүүгө ынтызар экендигин айтышты. Тазабек Икрамовдун консультанты эл өкүлүнүн атынан студенттерге бекем ден-соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.