КООМ

КУУнун кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барышты

3-декабрь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери окуу жайдын администрациясы менен экономика, химия жана география факультеттеринин көмөгү астында кайрымдуулук иш чарасын өткөрүштү.

Алар Сокулук районуна караштуу Маловодное айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тарбиялоочу балдар үйүнө барып кайтышты. Бул кайрымдуулук акцияда балдарга керектүү азык түлүк, таттууларды, кир жуучу каражаттарды жана кышкы жылуу кийимдерди жеткирип беришти.

Ошондой эле таланттуу студенттерден турган топ бөбөктөр менен бирге ырдап бийлешип, черлерин жазышты. Кайрымдуулукка катышкан кызматкерлер дагы да болсо бөбөктөргө келип, жылуу маанай тартуулап тураарын билдиришти.