КООМ

Министр Э. Чодуев айыл чарбасын санариптештирүү аракетинде

Бүгүн 15-нобярь күнү Кыргыз Республикасыны Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев Кытай Эл Республикасынын “Елинк Технологии” компаниясынын директору Дин Шуай мырза менен жолукту.
Жолугушууда, тараптар айыл чарбасын санариптештирүү, заманбап айыл чарба техникаларын колдонуу, мал чарбасын асылдандыруу, заманбап технологияларды колдонуу менен малга тоют даярдоо, айыл чарба продукцияларын экспорттоо-импорттоо жана сапаттуу үрөндөрдү өндүрүү боюнча талкуу болду.
Талкуу учурунда Дин Шуай мырза айыл чарба тармагын санариптештирүү боюнча презентацияларын окуп, видео роликтерди көрсөттү. Санариптештирүү программасын киргизгенде топурактын курамында кандай заттар жетишпейт, нымдуулугу канча пайыз, өсүмдүктүн өсүү абалы кандай, канча түшүм күтүлөөрү жөнүндө маалыматты алдын ала билүүгө болоорун түшүдүрдү.
Жолугуушуу учурунда Министр Э.Чодуев, эки өлкө айыл чарба багытында көп тармакта кызматташып келгендигин айтып, айыл чарба продукцияларын экспорттоо, импорттоо боюнча бир топ келишимдерге кол коюлгандыгын билдирди. Ошондой эле айыл чарбасын санариптештирүү жана мал чарбасын асылдандыруу жана башка тармакты өнүктүрүү максатында “Елинк Технологии” компаниясы менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирип, келишим түзүүгө убада кылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында суроо жооптор болду.