МАЕК

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: “Эркин Сопоковду маркум Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы катары тааныйм”

Торобай Зулпукаров.

— Төрөбай Закирович, социалдык тармактардагы баракчалардын бири кызматтан алынган Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы консулу Эркин Сопоковдун уулу Мамасалиев Азамат Эркинович сизге жардамчы болуп иштеп жатканын жазып чыкты. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар?

— Ооба, Эркин Сопоковдун уулу Азамат менин колумда жардамчы болуп иштеп турган. Азыркы учурда иштебейт. Азамат Кыргыз Эл акыны, маркум Эгемберди Эрматовдун небереси. Ал КСДПнын катчылыгында да иштеген. Атасынын окуясынан кийин арызын жазып кызматтан кетиптир.

— Эркин Сопоковду сиз тааныйсызбы, анткени сизге аны ашыра байланыштырып жатат?

— Эркин Сопоков раматылык Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Кыргыздын белгилүү Эл акыны Э. Эрматов менен 5-чакырылышта чогуу депутат болуп тыгыз иштешип калганбыз. Ал киши үй-бүлөсү менен КСДП партиясынын түптөлүшүнө өтө чоң салым кошкон инсан. Убагында  Э.Эрматов  менен жакын мамиледе болгон элем.  Азыр дагы ал кишинин үй-бүлөсү, уул-кыздары, күйөө балдары менен катышып турам.  Эгемберди Эрматовдун күйөө баласынын башына мындай иш түшкөндө аны тааныбаймын деп актануу жигитчиликке жатпайт эмеспи.

— Азамат Эркинович сизге кантип жардамчы болуп калды эле?

— Жогоруда айтканымдай Э.Эрматовдун КСДП партиясына жасаган эмгеги ат көтөргүс. Ошондуктан анын небереси мага жардамчы болуп, кийин катчылыкка юрист, консультант болуп иштеп жүрдү. Мындан саясат издегендердин абийирине койдум.