КООМ

Министр “Билимканада” жаңы демилгелерди талкуулады

10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков “Билимкана” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Төлөндү Тойчубаев, генералдык директору Эльнура Осмоналиева жана директору Жаныбек Эралиев менен иштиктүү жолугушуу өткөрүп, мектептик билим берүү маселелери боюнча кээңири пикир алышты.

Мектептик билим берүүнүн күнгөй-тескейлери, перспективалары, азыркы тенденциялары, күтүлүүчү жагдайлар жөнүндө ой бөлүшүү болуп, эл аралык билим берүүдө талап кылынуучу жаңы заманбап инфраструктура, мугалимдерди даярдоо, педагогогикалык жогорку окуу жайларынын багытын жакшыртуу жөнүндө конкреттүү анализдер айтылып, аргументтүү сунуштар болду.

Ошондой эле “Билимкана” билим берүү мекемесинин шарттары менен таанышты. Кыргызстандын аймагында аталган мекеменин 13 филиалы ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Анда 4000ден ашуун окуучу 1-класстан 11-класска чейин билим алышат, 600гө жакын мугалимдер эмгектенишет.

Билимкананын окуучулары жыл сайын республикалык олимпиадаларда эң алдыңкы орундарга жетишип, бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан эң жогорку баллдарды алышат.