КООМ

Сузакта өспүрүмдөргө байланыштуу жыйын өттү

закта районунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган жолугушуу жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөрүлдү. Бул иш-чарага район акими, айыл өкмөт башчылар, бир топ жергиликтүү жетекчилер, Сузак РИИБнин кызматкерлери, аксакалдар, аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышышты. Жыйындын жүрүшүндө район аймагындагы жашы жете элек өспүрүмдөр аралашкан кылмыш, кырсыктар тууралуу маалыматтар берилди. Жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аларга туура багыт берүү жолдору талкууланды.