КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

ЖАМКда дагы бир кызматкер каза болду

Жазаларды аткаруу мамлекеттик комитетинин кичи сержанты каза болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, кечээ текшерүү болуп, жатаар алдында өзүн жаман сезген. Дарыгерлер келип, анын каза болгонун айтышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча ал жүрөк оорусунан каза болгон. Аскердик укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери башталды.

Маркум май айында аскерге чакырылган, Кадамжай районунун тургуну. Мурдараак, ушул эле мекемеде катардагы жоокер токко урунуп каза болгон.