КООМ

Жалал-Абад ОИИБи: Президенттен ардагерлерге сыйлык

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесин утурлай, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Буйругу (Распоряжение) менен ИИОдо 30 жылдан ашуун эмгектенип, учурда коомдук тартипти камсыздоого кошкон зор салымдары жана жаш кызматкерлерди тарбиялоодо үгүт-насаат иштерин активдүү жүргүзүп келе жаткан ардагерлерге акчалай сыйлык берилди.

Бул сыйлыкты тапшыруу алдында ардагерлерди Жалал-Абад ОИИБнин башчысы милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов өзү кабыл алып, алар менен маектешип, соңунда Президент тарабынан берилген акчалай сыйлыктарды (ар бирине 10 000 сомдон) салтанаттуу түрдө тапшырды. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун мындай камкордугуна ыраазы болгон ИИОнун ардагерлери ыраазычылыктарын билдиришип, Президентке, ИИМдин жана ОИИБдин жетекчилигине ак баталарын беришти.