КООМ

Жунушалиев: Күйөө балам ИИМде иштейт

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «АКИпресс» маалымат агенттигине берген маегинде үй-бүлөсү, жеке жашоосу жөнүндө кеңири айтып берген.
Министрдин аялы учурда үй кожейкеси, буга чейин бир катар кызматтарда иштеген. 90-жылдары бизнеске аралашкан, андан кийин неберелерин карап үйдө отурат.
«Менин беш балам бар, алардын баары үй-жайлуу. Балдарым ИИМ системасында иштебейт, бир күйөө балам ИИМде иштейт, экинчиси бизнесмен. Бир кызым Чолпон-Атада, экинчиси Бишкекте жашайт», — деди ал.

Кашкар Жунушалиев балдарын эч ким тааныбай турганын, жол эрежесин бузса, башкалардай эле айып пул төлөй турганын айткан.