КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Кырсык. ЖАМКда катардагы жоокер каза болду

№3 түзөтүү абагында катардагы жоокер кырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 4-ноябрь күнү катардагы жоокер электр жарыгын алмаштырып жатканда ток урган.
«Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, ал каза болуп калды. Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп айтылат маалыматта.