КООМ

Жалал-Абад ОИИБде ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

         Бүгүн 4-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тарабынан өткөрүлгөн “Нерушимое братство – 2019” бирдиктүү машыгуусуна активдүү катышып, өзүнө берилген милдеттерди так аткаргандыгы үчүн “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командиринин орун басары, милициянын улук лейтенанты Тынычбек Сейитовго “25 лет Договору о коллективной безопасности” юбилейлик төш белгиси ыйгарылды.

Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салым кошкондугу үчүн жана 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата бир катар кызматкерлер ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары менен сыйланышты.