КООМ

Мэрия Бишкек ШИИББине 4 унаа белек кылды

Бишкек шаардык мэриясы, шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте ШИИББге УАЗ үлгүсүндөгү 2019-жылы чыгарылган 4 унаа белек кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаардык кеңештин депутаттарынын демилгесин мэр Азиз Суракматов колдоп, шаардык бюджеттен 4 миллион сом бөлгөн.

Азиз Суракматов кызматында ийгиликке жеткен милиционерлерди куттуктап, аларга Ардак грамота жана ыраазычылык каттарды тапшырды.