КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Жалал-Абадда 23 жаштагы балдар кылмышка шектүү катары кармалды

     Жалал-Абад шаарынын 1996-ж.т. тургуну П. Т. шаардык милицияга арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 26-сентябрь күнү саат 04:00 чамасында Жалал-Абад ш. Ж.Бакиев көчөсүндөгү «Юг-Сити» соода борборунун жанында өзүнө тааныш эмес белгисиз 4-5 азиат улутундагы атуулдар эч себепсиз эле бет жагына бир нече жолу уруп, баасы 15 000 (он беш мин)  сомдук Самсунг А-30 үлгүсүндөгү кол телефонун тоноп кетишкендигин билдирген.

        Жогоруда аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.  Берилген тергөө тапшырмасынын негизинде, ушул жылдын 9-октябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин  жана Жалал-Абад ШИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери  тарабынан  жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш окуясына шектүү катары Сузак районунун тургундары 1997-ж.т. М.Н., 1996-ж.т. К.К., 1996-ж.т. К.К. жана 1996-ж.т. Т.Б.   кармалышкан.

         Кылмыш окуясындагы далил буюм катары Самсунг А-30 үлгүсүндөгү кол телефону алынып, аталган шектүүлөр тергөө мезгилинде кылмыш ишин жасагандыгын моюндарына алышкан. КРнын ЖПКнын 98-беренесинин  негизинде, Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан  шектүү катары 4 атуул тең 48 саатка камалып, ал эми 11-октябрь күнү шаардык  тергөө-сотунун токтому менен үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда алардын башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо жана кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.