САЯСАТ

Мамлекеттик кадр кызматына качан жетекчи дайындалат?

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров ушул жылдын 1-апрелинде Өкмөттүн  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Андан бери кадр кызматы жетекчиси жок иштөөдө.
Аталган мекеменин статс-секретары Бакытбек Сагымбаев убактылуу жетекчи болуп дайындалган. Арадан 7 ай убакыт өтсө да Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи дайындалбай жатканын кандай түшүнсө болот? Же Өкмөт кадр кызматына татыктуу кадр таппай жатабы?