КООМ

Эсен Ашимов: Мекенди сүйүп иштеш керек

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата…

Жүрөгү каалап, ата-энесинин колдоосу менен милицияга келген милициянын капитаны Ашимов Эсенбек Искандарович биздин төрдүн бүгүнкү коногу. Ош ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери болуп иштеп келе жаткан Э.Ашимов иштин майын чыгара иштеп, аны менен бирге өз кесибинин сырлары тууралуу чечиле сүйлөп бере алган, өзгөчө ой жүгүртүүлөрү бар кызматкер. Анда эмесе сөз тизгинин Эсенбектин өзүнө берип, кебине кулак төшөйлү…

КААЛООМДУ АТАМ КОЛДОП МИЛИЦИЯГА КЕЛГЕНМИН…

«Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деп улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай, менин ааламга кеткен жолум Ош облусуна караштуу Араван районундагы Жаңы-Арык айылынан башталган. Өзүм теңдүү балдар менен айылымдын көчөлөрүндө чыбыктан ат минип, чаң ызгыта жарышып ойноп жүрүп, алтын балалыктын доорун баштан кечирдим. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Апам англис тили мугалими, атам болсо Кыргызтелеком ишканасында эмгектенет. Менин милицияга киришиме атам себепкер болгон десем болот, мектепти аяктап жатканда “милициянын окуусуна кирбейсиңби?” деп калды. Өзүмдүн дагы каалоом бар болчу, ошентип 2008-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясына окууга тапшырдым. Ошол окуу жайынан билимимди түптөп, көп нерсеге көзүм каныгып, окуп, үйрөнүп чыктым десем болот.

ЖӨНДӨМҮМ БАЙКАЛЫП КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛГАМ

Окуумду аяктаган соң, эмгек жолумду Өзгөн РИИБде аймактык тескөөчү болуп баштадым. Ушул кызматта иштеп жүрүп милициянын ишинин сырларын, эл менен мамиле түзүүнүн жолдорун үйрөндүм. Аймактык тескөөчү өз аймагындагы болуп жаткан бардык окуяларга, көрүнүштөргө жооп берет эмеспи. Мен да ар бир терс көрүнүштөргө көңүл буруп, көптөгөн кылмыш иштерин ашкерелөөгө жетиштим. Өзгөчө диний-экстремисттик багыттагы кылмыш иштерин аныктоо боюнча жөндөмүм да, кызыгуум да күч эле. Муну байкаган башчынын ыкчам иштер боюнча орун басары мени 10-бөлүмгө которулууну сунуштап калды. Негизи 10-бөлүмгө ыкчам кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар кабыл алынат, менин бул багыттагы жөндөмдүүлүгүм, кылмыш иштерин көп ачкандыгым мага жолдомо болду окшойт деп ойлойм. Өзгөн РИИБде бир топ жыл иштеген соң, Ош ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы улук ыкчам кызматкер болуп дайындалып, ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатам.

МЕКЕНДИ СҮЙҮП ИШТЕШ КЕРЕК…

Ош облусу өлкөдө экстремизм, терроризм, диний агымдар ж.б. боюнча көйгөйлөр көп жаралчу облустардын бири. Талдап карай турган болсок, облус аймагында радикалдык уюмдарга кирип кеткен жарандар көп. Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөндөрдүн арасында да биздин жарандар кезигет. “Спящие ячейки” деп коет биздин тилде, ал жактагы согуштук аракеттерге катышпай туруп эле, өздөрүнүн террористтик маанайдагы ишмердүүлүгүн жашыруун жүргүзүп жаткан уюмдарга каршы күрөшүү-биздин негизги милдеттердин бири. Жылдан жылга экстремизм багытындагы күрөш, биздин ишибиз оорлошуп баратат. Мисалы, былтыр эле “Йакын инкар” деген уюм пайда болду, бул мурда болгон эмес. Кыргызстанда ИИМ боюнча биздин бөлүм биринчи жолу практика жүзүндө ушул уюмдун артынан түшүп, Араван районунан аталган агымга кирүүнү үгүттөп жүргөн жеринен 13 жаранды кармап, бүгүнкү күнү алар сот жоопкерчилигине тартылды. Алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында азыр облустун аймагында бул уюм дээрлик жокко эсе десек болот. “Йакын инкар” деген сөздү чечмелегенде “Биз Аллахга жакынбыз, мамлекетке, ж.б. башка нерселерге баш ийбейбиз” дегенди түшүндүрөт…
Биздин башкармалыктын башчысы айткандай, “мекенди сүйүп иштеш керек”. Мамлекетибизди ойлобой, жеке кызыкчылыктардын ойлоп иштесек, анда биздин ишибиздин жыйынтыгынын эч кимге кереги жок. Андыктан ар бирибиз мекенибиздин патриоту болуп, элибизге-жерибизге ак кызмат өтөсөк дейм.

УЛАМ ЖАҢЫ ДИНИЙ АГЫМДАР ПАЙДА БОЛУП…

“Хизбут-Тахрир” экстремисттик маанайдагы уюму бир топ жылдан бери бар болсо, акыркы жылдары Кара-Суу районунда “Акрамия”, “Ахмадия” деген диний агымдар пайда болду. Ал уюмдарга кирген ар бир жарандын баскан-турганын ыкчам жолдор менен текшерилип, бүгүнкү күнү экстремизм, терроризмге каршы бир топ алгылыктуу иштер жүрүп келет. Андан сырткары ИИМден келген буйрук, көрсөтмөлөрдүн негизинде ар бир райондорго экстремисттик уюмдар бар аймактарга бирден кызматкер бекитилип, мектептерде жана башка жайларда тынбай алдын алуу иштери жүргүзүлүп турат. Террордук же экстремисттик топтордун мүчөлөрүн кармоодо КМКнын кызматкерлери менен бирдикте иш жүргүзүп келебиз. Өткөн жылы райондук ички иштер бөлүмүндөгү экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматтары менен бирдикте жалпысынан 83 диний экстремисттик багыттагы кылмыш иштерин аныктадык, анын 57 фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

ДЕВИЗИМ “КҮЧ БИРДИКТЕ”…

Күнүмдүк кызматымда күч бирдикте деген девизим бар. Мен иштеген бөлүмдө төрт кызматкер бар, мына ошол кесиптештерим, жетекчилигим менен чогуу-чаран иш алып барганды жактырам. “Күч бирдикте” дегендей, бирдиктүү чечилген иштер дайыма жакшы өз жыйынтыгын берет, күрөш жакшы жүрөт. Жалгыз иштесең сөзсүз бир жерден кемчилик кетирип коюшуң мүмкүн. Милиция –мен үчүн сыймыктуу кесип. Милициясыз коомдо тынч жашоону элестетүү кыйын. Кийген формам тууралуу эмне айта аласың, дейсизби? Форманын өзүнүн жүгү бар, аны сыйлап, сүйүп, сыймыктанып кийиш керек. Форманы ойлонбой, жөн эле кийип алган болбойт. Анан жүрөгүбүздө ыйман болуп, таза болууну ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген сөз бекер жеринен айтылган эместир…