СПОРТ

Баткенде кыргыз тажик жаштары футбол ойношту

Бүгүн Баткен районунун Самаркандек айылында Ак-Татыр, Ак-Сай Самаркандек айыл аймактарынын жаштары жана коңшулаш Таджик Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Чорку, Ворух, Сурх айыл аймактарынын жаштарынын ортосунда спорттун кичи футбол түрү өткөрүлдү.
Бул демилгени Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов көтөрүп, ал эми жергиликтүү бийлик колдоп эки элдин ортосундагы ынтымактыкты жана достукту бекемдөө максатында уюштурулду. Эки элдин жаштары аралаш түрдө 4 командага бөлүнүп оюн кызуу жүрдү.
Мындай эки элдин ортосундагы спорттук оюндар милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп чек ара аймактарында жыл сайын үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.