КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

√1 түрмөдөн качууга аракет кылган жаран кармалды

√1 түзөтүү колониясынан 1988-жылы туулган, 19 жылга эркинен ажыратылган С.А качууга аракет кылган. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 17-октябрдын таңында С.А түрмөдөн качууга аракет кылган. Кароолдо турган аскер кызматкери 2 жолу ок аткан. Ага ордунан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, учурда абалы канааттандырарлык.
Аталган факт боюнча оперативдүү топ иликтөө иштерин жүргүзүүдө.