КООМ

Мыйзамы тегиз иштебеген Өкмөт же Кара-Көл ШИИБине эмнеге көңүл бурулбайт?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлер 1 жыл иштесе 1,5 жыл деп эсептелет.
Бирок бул мыйзам эмнегедир Кара-Көл
ШИИБине иштебейт. Кара-Көл шаары тоолуу аймак катары эсептелет. Андан сырткары ден-соолукка зыян келтирүүчү уулуу заттар да бар. Ошондуктан бул жерде иштегендердин 1 жылы 1,5 жылга эсептелет.
Эмне үчүн мыйзам баарына иштебейт, милиция эмнеге четте калган деген суроо менен Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына кайрылдык. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси бул маселе боюнча ИИМ жооп бере тургандыгын айтыптыр. Биз мындан бир жума мурда ИИМдин басма сөз кызматына кайрылдык. Ал жактан сурообузга жооп даярдап беребиз дешкени менен сурообуз жоопсуз калды.
Башка күч түзүмдөрү сыяктуу милиция кызматкерлерин деле 1 жылын 1,5 жылга тете кылып койсо аларга деле стимул болмок. Экинчиден Өкмөттүн токтому баарына бирдей иштеп калмак. Айтор суроо көп азырынча жообу жок…