КООМ

Дүйнө чемпиону Чынарбек Изабековго депутат 2 бөлмөлүү батир белек кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Байсал Эргешовдун демилгеси менен кече жакында ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байге утуп келген Чынарбек Изабеков куттукташты.

Чынарбек Изабеков былтыр дүйнө чемпионатында алтын уткан болчу жана башка сыйлыктардын ээси.

Дүйнө чемпиону болгон сыймыктанган кызыбыз Айсулуу Тыныбекова дагы агайына ыраазычылык билдирди, анткени Айсулуу машыккан залды Чынарбек агабыз салдырганга жардам берген.

Шаардык кеңештин депутаты Байсал Эргешов Чынарбек Изабековго 2 бөлмөлүү квартира белек кылды, ал эми шаардык кеңештин депутаты Абдиев Бактыбек ардак грамотасын тапшырды. Коомдук ишмер, полковник Манас Акматбеков, жаш активистер Турсунбек Бейшенбеков, Мурат Соорбековдор дагы куттуктап келишти.