САЯСАТ

Үмүт Мукамбетова, “Үмүт тв” жана Kabarlar.kg сайтынын жетекчиси: “Эч ким бизге намыска жараган жакшы уулун бербейт…”

Мекенчил уул

Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык.

Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык

Барсбек Каган

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана убадага бекем туруп, ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.

Асанов элдин пикиринде…Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

-Учурда өлкөдөгү саясий абалды түп-тамырынан билбей туруп ага ар кандай баа берүүнүн өзү туура эмес. Божомол ойлорубузду ортого салабыз деп жатып чымындай нерсени тоого айлантып жатканыбызды таныш кыйын. Курсан Сатаровичке тиешелүү пикирим — адамгерчиликти бийик койгон инсан катары билем. Мүмкүн бүгүнкү абалына да ошол ишенчээктиги, маселени бүдөмүктөтпөй тез чечкенге аракет кылгандыгы, өзгөлөрдү өзүндөй көргөндүгүнүн курмандыгы болуу жатат го деген ойдон дагы алыс эмесмин. Жаман деп каралай берсек коомго керектүү адамдарыбызды бузуп алышыбыз мүмкүн. Илгеркилер айткандай “калмак кашыбызда душман тушубузда турган” татаал кылымдын доору сүрүп турган мезгилде кыргыздын элим деп күйгөн инсандарын колдоп алсак болмок. Кыргыздын намысын коргогон эр-азаматтарыбыз болбосо канча чеп курсак да бүгүнкү күндө алсызбыз. Чепке караганда кайсы учур болбосун Курсан Асановго окшогон кыргыздын эр жигиттеринин күчү бек экенинде шек жоктур! Бир эле учурду мисалга алсак, 2010-жылдагы Ош окуясында башын канжыгага илип алып, эки эл менен тең тил табышып канча кырсыкты калкалалап калгандыгы чын. Курсан мырзаны атка минерлер же бийлик эмес карапайым эл айтып жүргөнү да бардыгына маалым. Мындан келди баары мыйзам чегинде таразаланып келсе ал мырзанын да ак же кара экени билинер. Негизи эч ким бизге намыска жараган жакшы уулун бербейт. Кетирген катасын мойнуна алып же актыгын далилдесе Курсан Сатаровичке мындан аркы иштерине ийгилик эле каалап кетмекмин!

Булак: Жетиген журналы