САЯСАТ

Надира Нарматова, коомдук ишмер: “Коомчулукта Курсан Асановдун орду, даражасы билинди…”

Мекенчил уул

Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык.

Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык

Барсбек Каган

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана убадага бекем туруп, ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.

Асанов элдин пикиринде…Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

-Курсан Асановдун кайрылуусун окугандан кийин, жекече оюмду билдиргим келди. Өз ишинин кесипкөйү, элдин алкоосуна, ишеничине татыган милициянын генерал майору Курсан Асановдун 7-8-августта өлкө тынчтыгы коркунучта турган мезгилде кесипкөйлүгүн көрсөтүп, жасаган эмгегин бүткүл кыргыз эли ММКлар аркылуу көрүп, өз баасын берип олтурду. «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» болуп, дагы бир оюнчулардын курмандыгы болуп калбасын. Эки-үч күн социалдык сайттарда Курсан Асановдун коомчулуктагы орду, даражасы көтөрүлүп кеткенине куру доомат коюлушу бийликтегилердин ич күйдүлүгү болуп жүрбөсүн. Балким, биз билбеген көрүнүштөр болушу мүмкүн. Бирок, сүйлөшүлгөн сөздөрдүн чындыгынан бузулбасын жана алдын ала эсептеп койоюн» деп, кооптонуп, көзү менен көрүп турган куралдарды эсептеп койгонун, факты үчүн видеого тарттырып койгонун жекече кызыкчылыгы үчүн пиар жасады деп күнөөлөп «саткынчылык жана милициядан ишеничтен кетти» деген формилировка менен кызматтан бошотулушу, изилдөө үчүн Башкы прокуратурага берилиши дагы өтө эле аша чапкандык эмеспи!?. Бул түшүнүк кайра бул системага кайра келүүгө тыюу салынып калгандай. Мен билгенден 9 жылдан бери ЖК болобу, тынчтык бузулган жер болобу, кайда болсо мамлекеттин булуң- бурчунда ИИМдин жетекчилигинин атынан “өрт өчүргүч” болуп, өз милдетин кынтыксыз аткарып жүрөт. Ошондуктан Курсан Асановдун таза эмгегин, чырга айландырып, түрдүү божомолдорду коомчулукта жаратпай, ИИМдин жетекчилигин так маалымат берүүсүн талап кылалы. Элдин алкоосуна ээ болгон, эл колдогон чыныгы иш билги профессионал кесипкөйлөргө жалаа жаап, кумурскадан пил жасап, бут тосконду качан токтотобуз? Канткен күндө да “ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөз бар илгертен. Биз ишенебиз. 7-8- августта болгон Кой-Таштагы окуяда Курсан Асановдун мыйзам бузган аракети өзүнүн кайрылуусунун негизинде жокко эсе көрүнөт. Саткынчылык, ИИМден ишеничтен деген сөздөрдү Курсан Асанов мыйзам ченемдүү коомчулукка далилдеп берет. Анткени төмөндө өзүнүн кайрылуусунан сезүүгө болот. Курсан Асанов элдин уулу, элдик генерал. Кызыл пакетти түрдүүчө кылып токуп чыккандан көрө, элден уялгыла! Укук коргоо органдары өзүңөрдү өзүңөр маскара кылып, абийиириңерди кетирип жатасыңар. Канчалык түрдүү ойлорду ойлоп чыксаңар да эл көрүп, таразалап турат. Курсан Асановду колдоп алаар, сабырдуулук менен, саресеп салып, күтүп турган эли бар, журту бар. Мыйзам чегинде өзүн актыгын далилдеп алат. Буюрса бардыгына тарых тараза. Убакыт келет, кимдин ичинде котур ташы бар экендигин, Кудай өзү ордуна коёт. “Кайтар дүнүйө” деген бар. “Бирөөгө ор казсаң, кең каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн» деген сөздү ар бир карасанатайлык жасап жаткан адам эске тутуусу абзел. Элдин уулу Курсан Асановго ылайым Жараткан Алла-Таала узун өмүр, бактылуулукту насип этсин.

Булак: Жетиген журналы