МАЕК

«Бул күнгө чейин эч нерсеге алаксыбай, жалаң гана агенттиктеги реформалар менен алек болуп келдим, жылдан жылга окуучулардын саны өсүп жатат»

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов менен аталган агенттик, социалдык түйүндөрдө ага карата айтылып жаткан сындар боюнча ачык-айкын маектештик.

Таалайбек мырза, сөздү ток этээринен баштасак, социалдык түйүндөрдө сиз жетектеген тармакта иштеп кеткен Замира Мамбетова аттуу айым сизге байма-бай сын айтып, акыркы убакта Президентке да кайрылуу жолдоду. Журналистикадагы бейтараптуулукту карманып, сиздин да пикириңизди уксак деп чечтик?

Сөз башында айтып коеюн, Замира Мамбетова менен эч кандай жеке таарынычыбыз жок. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, Замира Мамбетова биздин системада Талас облусундагы №6 кесиптик лицейинде 2012-жылга чейин иштеп кеткен. 2012-жылы студенттен пара алып жаткан жеринен прокуратура кызматкерлери тарабынан кармалып, иш козголуп, сот процесси болуп, кызматтан статья менен бошотулган. Анын кызматтан бошотулушуна ошол лицейдин директору кол койгон. Лицейдин жетекчиси 2012-жылдын 28-июнунда буйрукка кол койгон, бизде ал буйруктун көчүрмөсү, тергөөчүнүн токтому бар.


Замира Мамбетова кызматтан бошотулгандан кийин директордун үстүнөн агенттикке арыз жазган. Биз агенттик менен комиссия түзүп, жеринен барып текшерүү иштерин жүргүзгөндө, З. Мамбетова жазган арыздагы фактылар тастыкталган жок. Андан кийин менин үстүмдөн арыз жаза баштады, 2012-жылдан 2016-жылга чейин аталган окуу жайды 60дан ашуун комиссия текшерди. Бул аралыкта Замира Мамбетова сотко берип, бул аралыкта соттук процесс да жүрүп келген.

Иш жогорку сотко чейин каралып, бардык инстанцияларда З. Мамбетованын кызматтан бошотулушу мыйзам чегинде болгон деген чечим чыккан. Биздин жалпы таанышыбыз ал менен жолукканда кимдир бирөөлөр менен кызматташып жатам деген мааниде айтыптыр.
Замира эже акыркы 7 жылдан бери расмий түрдө эч жерде иштебейт. Интернеттен көрүп жүрөм, мектептердеги чырларга аралашып жүрөт. Замира Мамбетова 2015-жылы соттолгон, менде соттун аткаруу барагы бар, мас абалында кошуна кызды уруп коюп, сот жоопкерчилигине тартылган. Андан сырткары финансы кредиттик уюмдардан топ киши болуп кредит алып, төлөбөй койгон.

Замира Мамбетова, анын баласы дагы бир тууганы анан Таластагы №6-лицейдин мугалими болуп чогуу алышкан. Ал кредитти мугалим жалгыз төлөгөндүгү тууралуу да кагаздар бар.

№92 лицей тууралуу сурайын деп жатам, ушул лицейдин айланасында дагы чыр чыгып жатпайбы?

№92 лицейде окуучулардын саны аз, акыркы директорду 2017-жылдын март айында дайындадык. 2-3 айдан кийин жаңы дайындалган директор Динара Ашированын үстүнөн коллективинен арыздар түшө баштады. Жатаканада жашаган окуучулардан да арыз түшүп жатты. Биз бул боюнча текшерүү жүргүзсөк, айрым фактылар далилденип жатты. Бул боюнча мыйзам чегинде 2 жолу сөгүш жарыялаганбыз. 2018-жылы Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешине арыз түшкөн. Ал арыз боюнча №92 лицейдин жетекчилиги, арызданган тарап жана мен болуп чогулуш өткөргөнбүз. Анын жыйынтыгында бул лицейде мыйзамсыз иштер болуп жаткандыктан, окуучулардын саны аз болгондуктан, агенттикке тез аранын ичинде башка окуу жайга кошуу боюнча тапшырма берилди.
Чындыгында аталган лицейде акыркы кездери жетекчилик көп алмашып, окуу процессине терс таасирин тийгизип жаткан. Өкмөттүн токтомунда лицейлерди оптимизациялоо жөнүндө айтылган. Сүймөнкул Чокморов атындагы лицейге чейин, акыркы жылдары биз 22 лицейди 11 кылып бириктирдик. Биз мыйзам чегинде №92 лицейди №10 лицейге филиал катары коштук, бул лицей С. Чокморов атындагы лицейге жакын жайгашкан.


№10 лицей Бишкек боюнча эле эмес, Кыргызстан боюнча эң алдыңкы лицей деп эсептелет. Ошол эле имаратта 800 окуучу окуйт, №92 лицей окуучулардын санын толтура албай жатса, №10 лицейде конкурс менен кабыл алынат. Мисалы окуучуларды кабыл алуу башталгандан бир жума өткөндө эле бюджеттик жана келишимдик негизде окууга кабыл алуу боюнча бөлүнгөн орундар толуп калат. Ал эми №92 лицей окуучуларды толтура албайт.
№92 лицей жабылды деп ызы-чуу кылып жатышпайбы, баса белгилеп коеюн ал жабылган жок, күчтүү лицейге жетекчилигин коштук. Мугалимдер, окуучулар ошол эле имаратта окуй беришет.

Ошондо Сүймөнкул Чокморов атындагы лицей деген наамы алынып калабы?

Жок, алынбайт мен мурда дагы маалымат бергем. Эки лицейди бириктирүү боюнча Сүймөнкул Чокморовдун бир тууганы Сүйөркул Чокморов менен сүйлөшкөм. Эки лицей бириккенден кийин Сүймөнкул Чокморовдун атын № 10 лицейге беребиз. Буюрса, буйрук даярдалып жатат, баары мыйзам чегинде болууда, Сүймөнкул Чокморовдун атын № 10-лицейге берүү боюнча буйрукка кол коюп, Юстиция министрлигине жөнөтөм.

Замира Мамбетова сизди «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кудасы, ошондуктан бул орундан жылбай иштеп жатат», — деп жатпайбы, канчалык чындыгы бар?

Мен бул системага 2001-жылы келсем, быйыл 18 жыл болуптур. Ал жылы мен башкармалыктын башчысынын орун басары болуп келгем. 2004-жылы башкармалыктын жетекчиси болгом, 2007-жылы Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик агенттик болуп турганда статс-катчы болуп келгем. Бул кызматка конкурска катышып, 7-8 кишинин ичинен конкурстан жеңип, эң жогорку балл алып келгенмин. 2009-жылдын декабрь айында, баса белгилеп коеюн Апрель революциясына чейин агенттиктин директору болгом, ошондон бери иштеп жатам.

Сизди кайсыл министр келбесин акчасын, белегин көтөрүп барып анын тилин тапканы аракет кылат, жаңы министрге да кирип жатат дейт. Бул боюнча эмне айта аласыз?

Албетте бул чындыкка жатпаган жалган маалымат.

Сизди кайсы бир лицейдин короосуна кой сойдуруп, министрликтеги кишилерди сыйлады дейт…?

Мен жөнүндө Замира Мамбетова байма-бай жалган маалыматтарды таратып жатат. Ушул убакка чейин мыйзам чегинде укук коргоо органдарына кайрылбадым эле, эми кайрылайын деп арыз даярдап жатам. Бул күнгө чейин эч нерсеге алаксыбай, жалаң гана агенттиктеги реформалар менен алек болуп келдим, жылдан жылга окуучулардын саны өсүп жатат.

Замира Мамбетова сизди өкмөт башчынын буйругу жок отурат деп айтты эле?


Акыркы буйрук 2017-жылы ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругунун негизинде иштеп жатам. 2015-жылы биз Билим берүү министрлигинин карамагына кошулганда бизди Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттиги деп колледж, техникумдарды биздин агенттиктин балансына берген. Биз министрликтин курамына кирип калгандан кийин 2016-жылы премьер-министр Темир Сариевдин, Билим берүү министри Эльвира Сариеванын сунуштамасы менен Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалгам. 2017-жылы Билим берүү министрлиги орто кесиптик билим берүүнү бизден алып коюп, Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги болуп калганбыз. Ошондуктан, 2017-жылы Билим берүү министри Гульмира Кудайбердиеванын сунуштамасы менен премьер-министр С. Жээнбековдун буйругу менен азыркы кызмат ордума бекитилгем. Замира Мамбетова бул маселе боюнча Башкы прокуратурага, өкмөткө кайрылган. Башкы прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүп, баары мыйзамдуу деп тапкан. З. Мамбетова «Өкмөт кеткенде, Чолпонкулов кайра дайындалышы керек», — дейт. Конституция боюнча өкмөт отставкага кеткенде, өкмөт мүчөлөрү гана кайрадан бекитилет. Мен министрликтин алдындагы агенттиктин жетекчисимин, мен министр же вице-премьер-министр болбогондон кийин кайра дайындоо болбойт.

Көп жылдан бери сизди Замира Мамбетова каралап келген болсо, эмне үчүн сотко берип укугуңузду коргогон эмессиз?


Айтып жатпаймбы, бул эжекебиз менин үстүмдөн көп жылдар бою жазып келе жатат деп. Бирок мен мындай иштерге башымды оорутпай, агенттиктеги реформаны жүргүзүп, жакшы жыйынтыктарга жетишейин деп аракет кылып келгем. Мен өзүм тазамын, коллектив менен таза жана ынтымактуу иштеп келе жатам. Биздин системада иштеп кеткен адамдар менин үстүмдөн каралоо жүргүзүп жатышат. Болгон күчүмдү убактымды, билимимди системаны реформалоого жумшап келгем. Замира Мамбетова акыркы убакта социалдык түйүндөрдө мен тууралуу жалган маалымат тарата бергендиктен укук коргоо органдарына кайрылууну туура көрүп отурам. Кат даярдап, юристтер менен сүйлөшүп жатабыз.

Замира Мамбетова жетектеген коом боюнча эмне айта аласыз?


Чындыгында, Замира Мабетова «Кыргызстан аялдары» коомдук бирикмесинин жетекчисимин деп ар жерге кат жазып жүрөт. Менде 2015-жылдын 29-апрелде аталган уюмдун негиздөөчүлөрү чогулуп, Замира Мамбетованы коомдон чыгаруу боюнча чечим кабыл алган чечими бар. Замира Мабетова буга карабай, коомдук бирикменин бланкасын пайдаланып, өзүн жетекчи катары пайдаланып жүрөт.

Сизди каралоонун артында турган кишилер үчүн сиздин креслоңуз керек болуп жаткан жокпу?

Бул системада иштеп, бирок мыйзам бузгандыгы үчүн кызматтан алынган кишилер бар. Ошолордун бири менин кызмат ордума кызыгып жаткан болушу мүмкүн, ал кишинин ким экендигин да болжолдуу билем.

Убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдирип, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Менин да пикиримди жарыялоого мүмкүнчүлүк түзүп, атайын келип маек алганыңыздарга сиздерге да ыраазычылык билдирем.

Маектешкен: Султанбек Аманбеков