СПОРТ

Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин волейбол боюнча кубогу өтүүдө

1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата спорттун волейбол оюну боюнча бүгүн 15-октябрда Жалал-Абад ШРИИБдеринин ортосундагы мелдештердин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул спорттук иш-чарага областтагы милиция бөлүмдөрүнөн жалпы 12 команда катышып, биринчилик үчүн күч сынашууда. Беттештердин жадыбалы чучугулактын жыйынтыгы менен түзүлүп, 2 тайпада оюндар жүргүзүлүүдө. Бардык команданы жеңгендер Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин волейбол боюнча кубогуна ээ болушат. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 1-ноябрда өткөрүлөт.