КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Кылмыштуу топтун мүчөсү 16 жаштагы кызды зордуктаган

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган , ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1981-жылы туулган М.У. баш коргоо чарасы Ош шаардык соту тарабынан 12-октябрда каралып, өзгөртүүсүз калтырылды. Тагыраак айтканда сотко чейинки өндүрүш учурунда абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.
Ал 1996-жылы туулган жаранга денесине залал келтиргендиги боюнча кармалган эле.
Жогорудагы фактыны иликтөө учурунда Ош шаарынын тургунунан дагы бир арыз келип түштү. Арыздануучунун жазган арызына караганда анын 2003-жылы туулган кызын У.М. («Казак) күч колдонуп, уруп, Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда зордуктап койгон. Бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталды.
Кимде ким жогорудагы кылмышка шектүү У.М. (эски аты-жөнү Эрнис Казаков, каймана аты «казак») жабыр тарткан болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына 03222-2-46-78 номери аркылуу кабарлап коюшуңуздарды суранабыз.
Сүрөттө:кылмышка шектүү У.М.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
14.10.2019-жыл