КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

ИИМ: Туугандары дайынсыз жоголду деген киши Россиянын түрмөсүнөн табылды

ИИМ
ИИМ

ИИМдин Өкүлчүлүгү тарабынан туугандары бир нече айдан бери издеп жүргөн Кыргызстандын тургуну кайда жүргөндүгү аныктылды
Ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын 38 жаштагы жараны (аял киши) кайрылып, Чүй облусунун тургуну, 1978-жылы туулган Н.М. аттуу жолдошун издөөгө көмөк көрсөтүп коюларын суранган. Жолдошу акыркы жолу 2019-жылдын февралында Навый Уренгой шаарынан байланышка чыкканын, андан соң белгисиз себептер менен туугандары менен байланышпай калганын билдирген.
Кайрылгандан кийин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россия Федерациясынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына кайрылуу менен Россиянын аймагында дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жаранынын кайда жүргөндүгүн тактоо жана текшерүүнү уюштуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн аракет көрүүсү аркылуу Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте дайынсыз жоголгон Н.М. аттуу жарандын кайда жүргөндүгүн тактоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ошондой эле, ИИМдин бардык багыттары боюнча текшерилген.
Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн башкармалыктары менен биргеликте көрүлгөн текшерүү жана издөө иш-чараларынын натыйжасында туугандары дайынсыз жоголду деп эсептешкен адам мыйзам бузган иш-аракеттери үчүн жазасын өтөп жаткандыгы маалым болгон. 2019-жылдын мартында ал Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылганы жана сот тарабынан 6 айга эркинен ажыратылганы маалым болгон. Н.М. аттуу жаран Россиянын Федералдык жазаларды аткаруу кызматынын тергөө абагында жазасын өтөп жатат. Туугандарына жогорудагы факты тууралуу маалымдалган.
Учурда жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, жогорудагы жаран бошотулуп, мекенине кайтып, азыркы учурда үй-бүлөөсү менен бирге.
ИИМдин Басма сөз кызматы