САЯСАТ

Депутат Асель Кодуранова үй камагына алынды

Асель Кодуранова

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Асель Кодуранова үй камагына алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы чыгарды.

Бүгүн, 9-октябрда сот отуруму болуп, судья А. Кодуранованы 9-декабрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.

Тергөөчү Асель Кодуранова телефон колдонбой, партиялаштары менен да сүйлөшпөсүн деген өтүнүч киргизди. Бирок сот анын өтүнүчүн четке какты.