КООМ

Тынар Курбаналиев интернетте тараган сүрөт боюнча айтып берди

Тынар Курбаналиев

Белгилүү куудул Тынар Курбаналиев улак тартыш ойноп жатып жаракат алгандыгы тууралуу сүрөттөр социалдык тармактарда тараган.

Бул боюнча куудул үн катып, баары жакшы экенин айтты.

«Менде баары жакшы, чекемди жарып алып, доктурга тиктиргени келгем. Ошол жерден бирөөлөр тартып алып, интернетке таратып салыптыр. Мен үчүн санаага баткан күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем»,-дейт Курбаналиев.