КООМ

Баткен ОИИБи: Э. Мамбеталиевге тиешелүү эки унаа терезелерин караңгылатканы үчүн айып пул салынды

аткенында маалымдалгандай, милиция кызматкерлери документтерди текшерүү үчүн Баткен облусунун Кадамжай районунда жаран Э. Мамбеталиевге таандык «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү 09KS822AAI жана 09KS822AAI мамлекеттик номурлуу эки автоунааны токтотушкан.
Кадамжай РИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнө (Айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу) ылайык протоколдор толтурулган.Андан соң, аталган автоунаалар ээсине кайтарылып берилген.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы