КООМ

Эл аралык деңгээлде иштеп жаткан борборлоштурулган көзөмөл түйүнү

Ички иштер органдарында байкалбаганы менен аткарган иши бараандуу бөлүктөр көп, көмүскөдө эмгектенген күжүрмөндөр арбын. Мына ошондой кызматтардын бири-ИИМдин МАККББнын Борборлоштурулган көзөмөл түйүнү. Күндүр-түндүр көз ирмелбеген бул кызматты учурда тажрыйбалуу кызматкер, милициянын майору Орозалиев Сагынбек Сапарович жетектеп келүүдө.
ИИМдин МАККББнын Борборлоштурулган көзөмөл түйүнү бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын төрт районун, ведомстволук милиция полкун жана Аламүдүн районун тейлеп келет. Аталган кызматтын иши күнүгө эртеӊ менен сутка ичинде келип түшкөн чакыруулар, коогалаӊдуу кабарларды, айгайларды ж.б. талдоо менен башталат. Бир суткага нөөмөткө турган топтун курамында 10 кызматкер (оператор) болсо, жалпысынан бүгүнкү күнү 40 кызматкер кызмат өтөп келишүүдө.
2005-жылга чейин көзөмөл түйүнү ар бир райондук күзөт бөлүмдөрүндө жайгашкан болсо, оптималдаштыруу, бир жерден тейлөө максатында ошол жылы борборлоштурулган көзөмөл түйүнү түзүлгөн. «Заман талабына ылайык жана кызмат көрсөтүүбүздү ар тараптуу кылыш үчүн бир эле нукта иш жүргүзбөстөн, жарандарга түрдүү кызматтарыбызды көрсөтүп келебиз,-деди биз менен болгон маегинде милициянын майору С.Орозалиев,-мисалы, радио байланыш аркылуу, интернет менен, телефон линиясы аркылуу дегендей. Аны менен бирге ыкчам топтун автоунаалары GРS аркылуу көзөмөлгө алынып, айгай түшкөн дарекке кайсыл автоунаа жакын турганы, дарекке канча убакытта жеткени ж.б. аныкталып турат».
Бүгүнкү күнү Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча 1160 жарандардын батирлери, 791 финансы-кредиттик банктар, маанилүү мекемелер ж.б. кайтарууга алынса, 366 чакан уюм-ишканалар, офистер ж.б. айгай баскычы менен борборлоштурулган түйүнгө кошулган. Жыл башынан бери түйүнгө 2137 айгай келип түшкөн, эч кандай кайтарылган объектилерге мыйзамсыз кирип кетүүлөргө жол берилген эмес. «Борборлоштурулган түйүнгө келип түшкөн кабарлар боюнча биздин ыкчам топ тез арада чакыруу түшкөн жерге жетип келе алышат, ал эми түшкөн чакырууларды талдай турган болсок, түрдүү мүнөздө болот. Мисалы, жарандардын жардам сурап кайрылган учурлары, уюм-ишканалардын айгай баскыч аркылуу кайрылуулары бар. Ошондой эле булардын арасында аба-ырайына байланыштуу учурлар, интернет, электр жарыгы өчүп калган учурлар ж.б. кездешет. Ар бир мындай айгай түшкөн жерге биздин топ жетип, мекеменин же батирдин ээси келмейин, кырдаалды толук жөнгө салмайын кызматкерлер эч жакка кетпейт…»,-деди өз сөзүндө С.Орозалиев.
Күзөт кызматына өзүнүн мүлкүн ишенип тапшырган жарандардын, мекеме-уюмдардын ишенимдери акталып келе жатканы турмуш чындыгы. Мисалга алсак, бир күнү Октябрь районунда кайтарууга алынган дүкөндөн айгай баскычы аркылуу айгай түшөт. Ыкчам топ чакыруу түшкөн дарекке келсе, дүкөндүн терезесиндеги темир торчолор ордунан жылып, бирок баары ордунда экен. Көрсө айгай баскычы иштеп кетип, тилеги таш капкан уурулар изин суутушуптур. Ал эми былтыр мындай фактылар орун алганын кеп арасында айткан милициянын майору С.Орозалиев, шектүүлөрдү РИИБге өткөрүп беришкенин, анын натыйжасында резонанс жараткан кылмыш иштери ашкереленгенин кошумчалады.
Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүндөгү бирден бир маанилүү учур-анын материалдык-техникалык жактан жабдылышы эмеспи. Эгерде борборлоштурулган көзөмөл түйүнү болбогондо, башка түзүмдүк бөлүктөр сыяктуу эле болуп калышарын айткан С.Орозалиев, кызматкерлердин кесиптик даярдыктарына өзгөчө көӊүл буруларын белгилейт. Үч айлык курстарды окуп келген кызматкерлер шыгына жараша (компьютер менен иштей билүүсү, кол жазмасы, интеллектуалдыгы ж.б.) тандалып алынып, атайын бир айлык окуу курсунан өтүшөт экен. Аны менен бирге жумуштан сырткары убактыларында күжүрмөн даярдыктар боюнча сабактар өтүлүп, кызматкерлер кесиптик деӊгээлдерин жогорулатып турушарынан кабардар болдук.
Милиция тармагындагы дагы бир маанилүү учур-чет элдик кесиптештер менен тажрыйба алмашуу эмеспи. Бул багытта ИИМдин МАККББда орчундуу иш-аракеттер жүргүзүлүп, Россия, Казакстан ж.б. өлкөлөрдөгү күзөт кызматтары менен алака түзүп келишет. «Былтыр, мурдагы жылы да Россия мамлекетинин Тула шаарына барып, бир катар тажрыйба топтоп келдик, -дейт бул тууралуу Сагынбек Сапарович өз сөзүндө,-мен «Кыргызстан мамлекети артта калды» деген пикирге кошулбайм, анткени бардык нерсе салыштырмалуу билинет дегендей, биздин күзөт кызматынын материалдык-техникалык жабдуусу жакшы деӊгээлде экен дейт элем. Башка мамлекеттерден артта калбаптырбыз, заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалып, ошолор менен теӊтайлашып эле келе жатат экенбиз. Мен ал мамлекеттеги күзөт кызматынын жабдылышын көрө элегимде биздин техникалык каражаттар боюнча күмөндүү ойдо болоор элем. Бирок, ал мамлекеттер менен биз бирдей деӊгээлде экенибизди, замандан артта калбаганыбызды көргөндөн кийин, ал жактан жүрөгүм толкуп кайтып келдим. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, биздин күзөт кызматыбыздын тутуму Союз мезгилиндегидей сакталып калыптыр. Россияга барганда ишмердүүлүгүбүздү айтып берсек, «Бизде да ошондой болсо жакшы болмок» деп абдан суктанышты. Анткени Россияда бүгүнкү күнү жеке менчик күзөт кызматы басымдуулук кылып, мамлекеттик күзөт кызматына болсо артыкча укуктар (привилегия) берилбей, укуктук-ченемдик документтерде каралбай калыптыр…»
Андан ары Сагынбек Орозалиев Кыргызстанда бүгүнкү күнү өзгөчө маанилүү обьектилер биздин күзөт кызматы тарабынан кайтарылсын деген көптөгөн укуктук-ченемдик атайын документтер бар экенин айтып, ага кошумча жетекчилик дайыма чоӊ колдоо көрсөтүп келерин кошумчалады. Эӊ негизги милдет-жарандардын милицияга болгон ишенимин актоо, мамлекетке кызмат кылуу экенин белгилеген милициянын майору, күзөт кызматын заманбап каражаттар менен камсыз болушу тагылган милдетти бир топ жеӊилдетерин кошумчалады. Кеп арасында маектешибизге биздин өлкөдөгү жеке күзөт бөлүмдөрү атаандаштык жаратабы деген суроону узаттык. «Жеке күзөт кызматтарынын саны учурда жүздөн ашат,-деди С.Орозалиев,-алар бизге атаандаштык жарата алышпайт, анын себеби биздин күжүрмөн даярдыгыбыз, жоопкерчилигибиз, материалдык-техникалык базабыз, курал-жарагыбыз ж.б. мыкты деӊгээлде десем болот. Бир гана айырмасы-алар кайтаруунун баасын арзан коет да, ошону менен жарандарды кызыктырып алышат. Бирок түшүнгөн адамдар: «Мен мамлекеттик кайтарууну, милицияны тандайм» дешет. Эл ишеним артып жаткандан кийин, биз ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөй бермекчибиз…»