Мекен жүгүн татыктуу артынган Курсан Асанов!

296

Бүгүн, Кыргызстанда “Ата Мекенди коргоочулар” күнү. Биз бул майрамды утурлай ИИМдин мурдагы орун басары, Милициянын генерал майору эң башкысы чыныгы мекен сакчысы Курсан Асановду өзгөчө куттуктагыбыз келет.

 

Өлкөдөгү олуттуу тармактардын бири болгон Ички иштер министрлигибиз бар эмеспи. Мына ошол министрликте бир топ убакыттан бери министрдин орун басары болуп иштеп келген Курсан Асанов өз ишин мыкты билген адис. ИИМ боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында ушул Курсан мырзанын эле жүргөнүн көрөсүң. Коомдук иш-чараларда да Курсан Асанов гана жүрөт. Дегеле жалпы мамлекетте ИИМ тармагында эмне болуп, коюп атсада Курсан Асанов жооп берип, же аралашып жүрөт. Баса, Курсан Асанов деген кайдан чыккан эме дебегиле. Кыргызстан парламенттик багытка түшүп, партиялар аркылуу эл өкүлдөрү тандалып алынганда 2010-жылы Курсан Асанов да эл өкүлү катары Жогорку Кеңештин депутаты болгон (Ошол мезгилдеги Ош окуясындагы эрдигин айтпай эле туралы).

Мына ошондо Курсан Асанов жанынын тынчтыгына карап, беш жыл бою депутаттык креслодо олтура берсе деле эч ким тийише алмак эмес. Бирок ал антпеди, өмүр бою иштеп, тажрыйба топтоп, кадыр-барк күткөн, мээнетин да көргөн, жүрөгү каалап сүйгөн тармагы милицияга кайрадан кайтып келди. Анткени, ошол убакта 2010-жылдагы коогалаңдуу июнь окуясынын бир жылдыгы алдында кырдаал кайрадан курчуп, окуя кайра кайталануу коркунучу бар эле.

Мындан улам Курсан мырзаны мамлекет жетекчилиги кайрадан ички иштер органына алып келүүгө аргасыз болушкан. Андан бери Ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Курсан Асанов ИИМ тармагында олуттуу реформалардын башында туруп, кыйын кырдаалдын саркындылары менен тынбай күрөш жүргүзүп, Кыргызстанда акыйкат-демократиялуу коомду курууга жасалган аракеттерге өз салымын татыктуу кошуп келет.

Өткөн жылы болуп өткөн Кой-Таш окуясында да өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп, экс-ажо Атамбаевди сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүп, кооптуу жагдайдын алдын алганына жумурай журт күбө болду. Мынакей ушундай чоң жетишкендиктерге жетишип, милициянын аброюн арттырууда опол-тоодой эмгек кылган Элдик Генерал Курсан Асановдун эмгеги баалангандын ордуна саясий куугунтукка кабылганы коомчулукта чоң талкуу жараткан. Албетте бул айып суу кечпей калганы күн санап далилденүүдө. Ал эми 2020-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоого аттанган Курсан Асанов парламенттик шайлоодо да ийгилик ажарата алды. Тагыраагы, Адахан Мадумаров баштаган “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын курамы менен парламенттик шайлоодо жеңишке жетише алышты. Ыплас өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын партиясы өтүп келгенине карабай Курсан Асанов алгачкылардан болуп билдирүү жасап, шайлоо ыплас өткөнүн, эгер жокко чыкса колдой турганын билдирген. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эмес партиялар митингге чыгып, бийлик алмашты. Жетекчиси качып кеткен ИИМди Курсан Асанов барып координациялап, шаарыбызды талап-тоноочулуктан сактап калды. Бүгүнкү күнү анын эл үчүн жасаган чечкиндүү эмгеги баалангандын ордуна камакка алынганы акылга сыйбаган көрүнүш. Же ошол күнү баардык кызматтарды Асанов жалгыз басып алды беле? Албетте, “ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи, акыры чындык орноп, Асановдун акталаар күнү алыс эмес. Дагы бир жолу Элдик Генералды майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз.