УКМК опузалап акча талап кылган журналистти кармады

483

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети опузалоого шектүү катары жергиликтүү интернет сайттардын биринин жетекчисин кармады.

Жабырлануучу патрулдук милиция тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылган. Ошол учур аталган интернет сайтка видео материал болуп чыккан. Аны өчүрүү үчүн журналист 84 миң сом талап кылган. Акчаны алып жаткан жеринен М.У.К аттуу журналист 22-февралда кармалды.

Айрым маалыматтарда кармалган журналист kabarlar.org сайтынын жетекчиси Үмүт Муканбетова болушу мүмкүндүгү айтылууда. Себеби УКМК берген баш тамгалар туура келүүдө.