46 жаштагы Сыдыков Рамис изделүүдө

79

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конунушунун 46 жаштагы тургуну Сыдыков Рамис изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка ылайык, Сыдыков Рамис ушул жылдын 12- февралында болжол менен саат 16:00 дор чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Сыдыков Рамистин жеке белгилери:

Боюнун узундугу 165, көзү кылыйыраак, оң бетинде кара так бар. Талма оорусу менен ооруйт жана кишиге маани бербейт, коркок.

Кийимдери: Көк түстөгү спорт кийими, кара топу жана спорт бут кийими.

Жогорудагы Сыдыков Рамисти көргөн- билгендер болсо, 0706 300 509 жана 0999 06 12 06 номерлерине кабарлап коюңуздар! Сүйүнчүсү бар.