Камчыбек Ташиевдин аскердик чини жогорулады

160

Kaktus.media сайтынын өздүк булактарына таянуу менен жазганы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кезектеги аскердик наамын алды. Азыр ал генерал лейтенант.

Маалыматта Ички иштер министри Улан Ниязбеков генерал майор наамын алганы жазылат. Ушундай эле наам УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бекбосун Апсатаровго да берилди.