Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусунун Камчыбек Ташиевге кайрылуусу

232

Депутат Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге Фейсбук баракчасы аркылуу ачык кат жолдоду.
Катта Камчыбек Ташиевдин Баткен облусуна болгон сапарында эл менен жолугушуу учурунда Кубанычбек Жумалиев тууралуу айткандары чындыкка дал келбей турганы белгиленген.
УКМКнын төрагасы депутат Жумалиев «Бишкекте 33 гектар жерди менчиктеп алган», — деп айткан. Адвокат бул калп экенин чынында 8,8 гектар экени айтылат.
«К. Жумалиев орусиялык ишкер А. Волосовецтен «Аструм» Жоопкерчилиги чектелген коомунун 50% үлүшүн 15 миллион 200 миң сомго сатып алган. Аны сатып алуу үчүн «ФинансКредитБанктан» 700 миң АКШ доллары эсебинде насыя алган. 50% үлүш катары мурдагы ЭВМ заводунун имараты тийген. Жумалиев бул жерде экинчи киши болуп сатып алып жатат. Баса белгилеп кете турган жагдай, имарат мурда эле таланып кеткен болчу. Жумалиев ошондон калганын сатып алган.
Жогорудагы фактылардын негизинде Камчыбек Кыдыршаевич, сизден чындыкка дал келбеген маалыматтарды коомдун алдында айтпоого чакырам», — деп айтылат катта.