Өкмөттүк эмес уюмдар өлкөгө кандай коркунуч туудурат?

186

Кыргыз Республикасында 10 000ге жакын (он миң) бейөкмөт уюмдар (ачык булактар боюнча), алардын көпчүлүгү белгилүү болсо, айрымдары биздин коом үчүн дээрлик белгисиз бойдон калууда. Тилекке каршы, өкмөттүк эмес уюмдардын көпчүлүк бөлүгү жарандык коомду өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн ишин жаап-жашырат, бирок, чындыгында, алар ачык эле мамлекетке каршы иштер менен алектенишет.

Биздин өлкө Борбор Азиядагы “демократиянын аралчасы” экендиги эч кимге жашыруун эмес, анда мыйзамдуу түрдө бейөкмөт уюмдарды ачууга уруксат берилген (чет элдиктердин катышуусу менен), каржылоосу эркин жүзөгө ашырылат жана берилген каржылык отчеттер — бул чындыкка дал келбеген актоочу документтер. Мунун бардыгы өлкөдө төңкөрүшчүл көз-караштагы коомдун түзүлүшүнө түрткү бербейби, Кыргызстанда тез-тез төңкөрүштөрдүн болушуна алып келбейби деген ойду пайда кылат?

Чет өлкөдөн каржыланган белгилүү коомдук уюмдардын көпчүлүгү жөнөкөй жарандардын укугун коргоонун ордуна, саясатчылардын, оппозициянын, ошондой эле тышкы саясаттын кызыкчылыгына иштешет, коомго зыян келтирип, кандай гана болбосун ызы-чууну туудурат. Мисалы, 2010-жылдын июнь окуяларынан кийин бейөкмөт уюмдар улуттук азчылыктарга каршы атайын күч колдонуп, мыйзамсыздыкка жол берген деп укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маселесин көтөрүп, уруксатсыз митингдер учурунда укук коргоо кызматкерлери митингчилерге күч колдонгонун айтып, ошону менен мамлекеттик органдардын коомдун алдында кадыр-баркын кетиришти, бирок ошол эле учурда алар митингдер мыйзамсыз экенин айтышкан эмес (айтып отурсак мисалдар көп, аларды тизмектөөгө барактар жетпейт).

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргызстан бейөкмөт уюмдардын жана “ыңкылаптардын” саны боюнча рекордчу болуп калды.

Бирок биздин бейөкмөт уюмдар эл аралык донорлордун табитин канааттандыруу менен гана чектелбестен, алардын эсебинен үй, батир жана кымбат баалуу автоунаалар түрүндөгү белектер аркылуу байууну үйрөнүштү. Алардын негизги максаты жакырчылыкты жоюу, демократияны өнүктүрүү болуп саналганы менен, алар калк үчүн эмес, өздөрү үчүн жасап жатышат. Натыйжада ушундай парадокс келип чыгууда. Ошол эле бейөкмөт уюмдардын жетекчилери алынган каражаттар мамлекеттин туруктуулугун жана өнүгүүсүн жакшыртууга багытталган деп түшүндүрүп жатканы тынчсыздандырат. А чындыгында, бейөкмөт уюмдарга түшкөн миллиондогон долларлар чындап каржылык жардамга муктаж адамдарга кандайча сарпталып жаткандыгын ким көргөн?

Андан тышкары, Кыргызстандагы батышчыл бейөкмөт уюмдар койгон программаларды жана милдеттерди карап көрсөк, алар:

· — Кыргыз Республикасындагы саясий процесстер боюнча программа;

· — Ачык-айкын жергиликтүү башкаруу жана кызматташтык боюнча демилге;

· — Кыргыз Республикасында адам укуктарын бекемдөө;

— Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну колдоо программасы.

Бул программаларда биз демократиялык коомду өнүктүрүүнүн ордуна, өлкөдө параллель башкаруу системасы түзүлүп жаткандыгын көрөбүз жана бул туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүү дегенди түшүндүрбөйт.

Кыргыз Республикасында чет өлкөдөн каржыланган массалык маалымат каражаттары темасына өзүнчө  токтолгум келет. Бул жерде да ошондой эле, бирок мында ЖМК коомдун аң-сезимин манипуляциялайт. «BBC», «Спутник», «Российская газета», «Киртаг», «Азаттык», «Дело №», “Клооп” сыяктуу басылмалардын жана Коррупцияны жана уюшулган кылмыштуулукту иликтөө боюнча борборунун (OCCRP) миңдеген туруктуу окурмандары бар жана, тилекке каршы, күн сайын манипуляция кылышат.

Ошондой эле, акыркы жылдары социалдык тармактарда жигердүү иштеген блогерлер пайда болду, аларды чет өлкөлөрдөн гана эмес,  жергиликтүү “саясатчы сөрөйлөр” да каржылап, өз максаттарына пайдаланышат.

Кыргыз Республикасында ири суммадагы акчалар (жылына ондогон миллион доллар) Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги (USAID), « Сорос-Кыргызстан фонду», ЕККУ,  Кыргызстандагы «Фридом Хаус» өкүлчүлүгү, Кыргызстандагы Швейцария элчилиги, Жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы» улуттук фонду, Кыргызстандагы Улуу Британия элчилиги, «Борбор Азиядагы Евразия фонду, германиялык  «Ачык коом институту» жана ондогон башка уюмдар аркылуу келгенин белгилей кетүү зарыл.

 

Жергиликтүү активисттер үчүн бейөкмөт уюмдар — акча табуунун бир ыкмасы, ал эми бейөкмөт уюмдардын кожоюндары үчүн дестабилдештирүү жана өздөрүнүн саясатын жүзөгө ашыруусу өлкөнүн өнүгүшү менен эч кандай байланышы жок.

 

Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин мыйзам чыгаруу тармагына чакан обзор:

 

Венгрия:

2017-жылы Венгрия парламенти чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдарга мамлекеттин көзөмөлүн күчөтүүчү мыйзам кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн 24 миң евродон кем эмес каражат алган өкмөттүк эмес уюмдар «чет өлкөдөн каржылоо алган уюмдар» катары катталышы керек жана жыл сайын кеңири отчет тапшырышы керек.

Эгерде бул талаптар аткарылбаса, анда мындай уюмдар жабылышы мүмкүн.

 

Улуу Британия:

Улуу Британияда бейөкмөт уюмдарга көзөмөл жана ачык-айкындуулукту камсыз кылган дүйнөдөгү эң эски система иштейт: 1853-жылдагы Кайрымдуулук трастары жөнүндө актыга ылайык, бардык кайрымдуулук уюмдардын ишмердигин Өкмөттүн жана парламенттин алдында кайрымдуулук секторунун абалы үчүн жооптуу болгон Кайрымдуулук боюнча комиссиясы көзөмөлдөйт. Жылына 5000 фунт-стерлингден ашык каражат чогулткан бардык кайрымдуулук уюмдары комиссиянын каттоосунан өтүшү керек. Аларга каттоо номери берилет, аны менен уюмдун макамын текшерип, кирешеси жөнүндө маалымат алып, керек болсо ага карата даттанууга болот.

Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө бардык маалыматтар, анын ичине катталган бейөкмөт уюмдардын деталдуу каржылык отчеттору жогоруда аталган Комиссияга жыл сайын тапшырылат, ал веб-сайтта ачык жана жеткиликтүү болот. Эгерде уюм отчетту кечиктирсе же маалымат бербесе, анда ал каттоодон чыгып, автоматтык түрдө салык жеңилдиктеринен жана донорлордун ишениминен айрылат. Комиссия кайрымдуулук уюмдардын өздөрүнүн статусун салык төлөөдөн качуу үчүн, бирөөнүн жеке же саясий кызыкчылыгы үчүн колдонбоосун байкап турат. Комиссия жарандардын арыздары менен иштейт, анын негизинде уюмдардын ишмердигин текшере алат.

 

Египет:

Египетте 2002-жылдан бери ассоциациялар менен фонддордун түзүлүшүн, каржыланышын жана иштешин жөнгө салган № 84 мыйзам иштейт. Тилектештик жана социалдык акыйкаттык министрлигинин уруксатысыз ички же тышкы булактардан каражат алууга тыюу салынат. Уруксатсыз каржылоо үчүн санкциялар: алты айга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жана 2000 египет фунту өлчөмүндө айып пул.

Мубарактын режими кулагандан кийин, бейөкмөт уюмдардын бюджетиндеги чет өлкөлүк каражатка карата мамиле дээрлик өзгөргөн жок.

 

Израиль:

Израилде 2011-жылы Кнессет “Бейөкмөт уюмдарды каржылоонун ачык-айкындуулугу жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Бардык бейөкмөт уюмдар үчүн кайрымдуулук тууралуу отчет берүүнүн бирдиктүү тартиби жана аны аткарбагандыгы үчүн айып пул киргизилген.

Мыйзамга ылайык, Израиль мамлекети чет өлкөлүк өкмөттөр тарабынан бейөкмөт уюмдардын «үгүттөө» иш-аракеттерин каржылоосун эгемендүү демократиялык улуттардын ортосундагы өз ара аракеттенүү ченемдерин жана тажрыйбаларын бузуу катары баалайт. Ошол эле маселе, эгерде Израиль мамлекетинин пикири боюнча, сөз терроризмди колдоо жөнүндө болуп жатса, анда алтургай бейөкмөт уюмдардын гуманитардык ишмердүүлүгүн каржылык жактан колдоого да тиешелүү болот.

Бардык бейөкмөт уюмдар чет өлкөлөрдөн алган каражаттары жөнүндө квартал сайын отчет берип турууга милдеттүү. Чогулган маалымат ачык реестрде жарыяланат. Уюмдар чет өлкөлүк каржылоо менен долбоорлордун алкагында даярдалган эл алдында чыгып сүйлөө учурундагы брошюралар, баракчалар, жарнамалык роликтер жана басылып чыккан материалдар тууралуу коомчулукка маалымат берүүгө милдеттүү.

 

 

Россия Федерациясы;

2012-жылдын 20-июлунда кол коюлган «Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына чет өлкөлүк агенттин функцияларын аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Федералдык мыйзам.

Мыйзам чет өлкөлүк булактардан акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алган жана саясий иш-чараларга катышкан коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) ишин жөнгө салууга багытталган. Чет өлкөдөн каржыланган саясий коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигинде «чет элдик агент» катары өз алдынча каттоодон өтүшү керек.

Мыйзамда пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиздер каралган.

Аталган КЭУлар аркылуу жарыяланган, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет аркылуу таркатылган материалдар чет өлкөлүк агент катары иш алып барган уюм тарабынан жарыяланган же жайылтылган деген көрсөтмөлөр менен коштолушу керек.

Аталган коммерциялык эмес уюмдар жарым жыл сайын ишмердүүлүктөрү жөнүндө отчетторду Интернетте жарыялап турууга милдеттүү.

Жарандардын жеке инсандыгына жана укуктарына шек келтирген, милдеттенмелерди аткаруудан кара ниеттик менен качкан коммерциялык эмес уюмду түзгөндүгү, ошондой эле чет өлкөлүк тыңчылардын функцияларын аткаргандыгы үчүн Россия Федерациясынын коммерциялык эмес уюмдарды түзүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленгендей, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

2014-жылдын 4-июнунда Россия Федерациясынын Президенти Россиянын юстиция министрлигинин өзүнө коммерциялык эмес уюмдарды «чет элдик агенттердин» реестрине киргизүү укугун берген мыйзамга кол койгон.

Ошондой эле, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамда, ЖМК-чет өлкөлүк агенттери менен кызматташып, чет өлкөдөн каржыланган жеке адамдар чет элдик агенттер деп таанылат.