Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы үйүнө жеткиришти

220

 

2021-жылдын 19-февралында болжол менен саат 15:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Свердлов районунда жайгашкан “Глобус” кичи маркеттердин биринде кичинекей бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2016-жылы туулган Б.А. аттуу жаш бала үйүнөн ойноп чыгып кеткен бойдон кайра үйүн таппай адашып жүргөндүгү белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, жаш баланын жашаган дарегин издеп, көп узабай дарегин тактап, бир тууган эжесине сак-саламат жеткиришип беришкен.

Өз кезегинде жаш баланын туугандары милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

 

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.