Райымбек Матраимов 2 суткага камалды

306

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов эки суткага камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка таянсак, ал Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кармалды. Ал бүгүн саат 15:00дөн бери сурак берди, тергөөчү аны эки суткага камоо чечимин кабыл алды. Сот бул аралыкта анын башкоргоо чарасын кароого тийиш.

Эске салсак, Матраимов буга чейин «Коррупция» беренеси менен айыпталып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп берген. Биринчи май райондук соту ага 260 миң сом айып пул салып, жазадан бошоткон болчу.