«Улуу-Журт» партиясынын төрагасы алмашты

296
Мирлан Орозбаев
Мирлан Орозбаев

Бишкекте «Улуу-Журт» партиясынын сьезди болуп өттү. Анда төраганы алмаштыруу маселеси каралып, Мирлан Орозбаев партиянын лидери болуп шайланды.

Буга чейин аталган партияны Тумарбек Камалов жетектеп келген. Аталган партия жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катыша турган болду.
«Улуу-Журт» партиясы 2018-жылы негизделген. Алгачкы саясий кадамын Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуу менен баштаган. Пандемияга байланыштуу шайлоо белгисиз мөөнөткө калтырылган болчу.
Былтыр «Кыргызстан» партиясы менен биргеликте парламенттик шайлоого катышкан.