Бишкекте пакистандыктардын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, алар Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери болушкан.
Милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 4 миң доллар акчасын тартып алышканын билдирген. Кылмышка шектүү катары 5 бала кармалганы маалым болду.