Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрында өтөт

252

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты 17-февралда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театырнда өтөт. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка таянсак, коштошуу зыйнаты саат 10:00дө башталат.

Жамал Сейдакматова Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, Жамал Сейдакматова бүгүн таңга жуук каза болгону маалым болду. Ал 82 жашта болчу, “Тунгуч” театрын негиздеп, жаш таланттарды тарбиялап жүргөн болчу.