Максат ажы Токтомушев шаардан чыкпоо талабы менен бошотулду

430

Кыргызстандын экс муфтийи Максат ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасы каралды. Ага карата шаардан чыкпоо чечими кабыл алынды.

Экс-муфтийдин жактоочусу Нурбек Сыдыков ага карата коюлуп жаткан айыптар менен макул эместигин билдирди.

«Тергөө жана прокуратура аны үй камагына алуу чечимин кабыл алууну сурады. Биз тарап коюлуп жаткан айыптарга макул эместигибизди билдирдик. Сот шаардан чыкпоо шарты менен Максат ажы Токтомушевди бошотту», — деди жактоочу.

Эске салсак, экс-муфтийдин башкоргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2,5 саат каралды.